# 49-статья. Күрөөнүн жүйөсү боло алчу жер участкалары

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 49-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-49

---

1. Күрөө жөнүндөгү келишим боюнча жарандардын, юридикалык жактардын менчигинде турган жер участкалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен жер участкаларын пайдалануу укугу да күрөөгө коюлушу мүмкүн.

2. Күрөөнүн жүйөсү болгон жер участкалары өзалдынча жер участкасы катары бөлүнүшү керек.

Жер участкасынын күрөө жөнүндө келишимине милдеттүү тиркеме катары тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ошол жер участкасынын планынын (чегарасынын чиймеси) көчүрмөсү милдеттүү түрдө тиркелиши керек.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасы жалпы үлүштүк же жалпы орток менчикке алынганда, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин эрежелерине ылайык Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган жер участкаларын жана айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин эрежелерине ылайык жалпы үлүштүк же жалпы орток менчикте турган өзүнчө участка катары бөлүнгөн, жаранга же юридкалык жакка гана таандык жер участкасы күрөөгө коюлушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-50)
