47-статья. Турак жай сертификаттары
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 4-глава
1. Турак жай сертификаты алардын менчик ээлеринин эмиссиянын проспектисинде аныкталган шарттар сакталганда белгилүү жалпы аянтты алуу укугун ырастоочу баалуу кагаз болуп саналат. Сертификаттарды чыгаруунун тартиби жана аларды айлантуу мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Турак жай сертификаты анын ээлери (сертификатты алуучу юридикалык же жеке жак) тарабынан белгиленген жалпы турак жай аянтын курууга каражаттар салынганын ырастайт, анын өлчөмү турак жай сертификаты иштетилген мөөнөт ичинде алмаштырылбайт.
Турак жай сертификаттарынын менчик ээси, эгерде ага эмиссиянын проспектисинде аныкталган ошол сериядагы сертификаттардын белгилүү эсеби таандык болсо турак жайды (үйдү, квартираны) алууга укугу бар. Турак жай сертификаттарын айлантууга чыгарган жак турак жайды (үйдү, квартираны) алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
3. Турак жай сертификаттарынын эмитенти - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, менчик укуктарында, дагы башка негиздерде каражаттарды тартууга объект болгон турак жай куруу үчүн тиешелүү тартипте бөлүнгөн (алынган) жер участкасы бар юридикалык жак, ошондой эле турак жай сертификаттарын чыгарууну жүзөгө ашыруучу жогоруда көрсөтүлгөн бардык укуктар берилген жана ээлеринин алдында алар боюнча милдеттенме алган юридикалык жак.
4. Турак жай сертификаттарын чыгаруу ошол баалуу кагаздардын ээлеринин аныкталган жалпы аянтты алууга кепилдик берген укуктары менен камсыз кылынышы керек, мындай аянттын өлчөмү турак жай сертификатынын белгилүү иш-аракетинин мөөнөтү ичинде алмашылбайт.
5. Турак жай сертификаттарын чыгарууга банк, дагы башка кредиттик мекеме, камсыздандыруу компаниясы, башка бир юридикалык жак (коммерциялык уюм) кепил боло алат, булар эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык. турак жай сертификаттарынын ээлеринин алдында эмитент тарабынан аткарылбай кала турган болсо, алардан кутулуу боюнча эмитенттин милдеттенмесин өздөрүнө алат.
6. Турак жай сертификаттарын жарнамалоодо эмитент жарнамада эмиссиянын проспектисин каттоо датасы тууралу жана турак жай сертификаттарын эмиссиялоо жолу менен каражат тартуучу объект жайгашкан жер жөнүндө жарнамада көрсөтүүгө милдеттүү.
7. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмиссиялык турак жай сертификаттарынын эмитенттеринин ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда жөнгө салат.
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-47" title="47-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>