Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-статья. Ипотека боюнча мамлкеттик адистешкен мекеме
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2022 года № 76
1. Ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекеме - бул карыздык баалуу кагаздардын рыногунун иштешин камсыз кылуучу мамлекеттик орган, ипотекалык кредит боюнча карыз милдеттенмелерин айландырууга түрткү берип, турак жай ипотекалык кредиттөөнү кайра каржылоо механизмин камсыз кылат.
2. Ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекеме юридикалык жак болуп саналат, анын иши ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3. Ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кепилдик берилген мамлекеттик карыз ипотекалык баалуу кагаздарын чыгаруу максаты менен карызга ипотекалык турак жай милдеттенмелерин алууга укугу бар.
Ипотекалык турак жай карыздык милдеттенмелерин чыгаруу жана айландыруу мыйзам менен жөнгө салынат.
4. Ипотекалык турак жай карыз милдеттенмелерин алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим менен жол-жоболоштурулат. Келишимди жол-жоболоштурганда ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекеме көзкарандысыз баалоочуну тартуу менен ипотеканын жүйөсүн кошумча баалоону жүргүзө алат.
5. Сатып алынган ипотекалык турак жай карыз милдеттенмелеринин негизинде ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекеме рынокто эркин айлантылуучу мамлекеттик ипотекалык баалуу карыз кагаздарды эркин чыгарат.
Адистешкен мекеме, эгерде мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, ипотека боюнча мамлекеттик карызды жабуу мөөнөтүнө чейин ипотекалык баалуу мамлекеттик карыз кагаздарды сатып алууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекемеге карыздык ипотекалык турак жай милдеттенмелерин жана/же тиешелүү жылга бюджет жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөн өлчөмдө мамлекеттик карыз ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу максаты менен акчалай каражаттарды берет.
7. Ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекеме менен коммерциялык банктын ортосунда ипотекалык кредитти тейлөө боюнча келишим түзүлүшү мүмкүн, анда коммерциялык банк ипотекалык кредитти банктык тейлөөгө байланышкан ипотека боюнча мамлекеттик органдын финансылык агенти катары чыгат.
(КР 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2022 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекеме Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан кепилдик берилген мамлекеттик карыз ипотекалык баалуу … карыз кагаздарды сатып алууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекемеге карыздык ипотекалык … ипотека боюнча мамлекеттик органдын финансылык агенти катары чыгат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-44" title="44-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>