# 42-1-статья. Банктын же башка кредиттик уюмдун кредитинин же башка жеке же юридикалык жактын максаттуу карызынын эсебинен сатып алынуучу турак үйлөрдү жана квартираларды ипотекалоо

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-42-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 42-1-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-42-1

---

Эгерде келишимде башкача каралбаса, банктын же башка кредиттик уюмдун карыз акчалай каражатын, кредитин же болбосо башка жеке же юридикалык жак берген максаттуу карыз каражатын пайдалануу менен сатып алынуучу же курулуп жаткан турак үй же квартира карыз алуучунун турак үйгө же квартирага менчик укуктары мамлекеттик катталган учурдан тартып ипотека менен оордотулган деп эсептелинет. Мында турак үйдү же квартираны сатып алууга же курууга кредит же максаттуу карыз берген банк же башка кредиттик уюм же болбосо юридикалык же жеке жак күрөө кармоочу болуп саналат. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-42)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-43)
