# 40-статья. Турак үйлөрдүн жана квартиралардын күрөөсү жөнүндөгү ченемдерди колдонуу

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 40-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-40

---

1. Ушул Мыйзамдын 40-48, 65-статьяларында камтылган ченемдер жарандарга менчик укугунда таандык болгон турак үйлөрдө жана көп квартиралуу үйлөрдүн квартираларында туруктуу жашоого багытталган күрөөгө карата колдонулат.

2. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган турак үйлөрдү жана квартираларды, ошондой эле кызматтык турак жайларды күрөөгө коюуга жол берилбейт.

3. Туруктуу жашоого арналбаган мейманканалар, эс алуу үйлөрү, дачалар, чарбак үйлөр жана башка курулуштар жана башпааналар күрөөгө жалпы негизде жүйө боло алат.

Күрөөнүн жүйөсү турак үйдүн бир же бир нече өзүнчө бөлмөдөн турган квартиралардын бир бөлүгү болгон учурда, мындай күрөөгө ушул Мыйзамдын 40-48, 65-статьяларынын эрежелери колдонулат.

4. Эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, Күрөө кармоочу турак үйдө турган жалдоочуга ошол Күрөө кармоочунун макулдугу менен эркин квартира берүүгө укуктуу.

5. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, турак үйдү же курулуп жаткан үйдү күрөөгө койгондо күрөө укугу жер участкасына да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-41)
