39-статья. Ишкананы башкаруучунун ыйгарым укуктары
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 4-глава
1. Ишкананы башкаруучунун ишинин максаты сатууга даярдоо учурунда ишкананы башкаруу болуп саналат, андан кийин иштеп жаткан ишкана катары аны жалпысынан же анын айрым активдерин сатууну уюштуруу же ишкананы ар кандай бөлүктөргө бөлүү алардын айрым бөлүктөрү иштеп жаткан өндүрүш процесси катары сатылышы мүмкүн.
2. Ишканага башкаруучу болуп дайындалгандан кийин ал күрөөгө коюлган ишкананы башкаруу боюнча бардык укуктарды жана күрөө берүүнү башкаруу органдарынын - ишкана менчик ээсинин ыйгарым укуктарын өзүнө алат. Мындай ыйгарым укуктар күрөө берүүчүгө карата банкротчулук процесси козголгон жана администратор дайындалганда токтотулбайт. Күрөөгө коюлган ишкананын менчик ээси менен түзүлгөн келишим боюнча келип чыгуучу күрөөгө коюлган ишкананы башкаруучу башка адамдардын бардык ыйгарым укуктары же ушундай ишкана менен болгон башка мамилелер, ишкананы башкарууну дайындоо жөнүндө маалыматты камтыган соттон тышкаркы тартипте күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууну айландыруу жол-жобосу башталганы тууралу билдирүү жеткирилгенден кийин, болбосо күрөө берүүчүнүн талаптарын соттон тышкары канагаттандыруу жөнүндө макулдашууда белгиленген учурдан, же соттун кайсы бир чечиминен тартып токтотулат.
Ыйгарым укуктары ушундай жол менен токтотулган бардык адамдар бардык зарыл маалыматты жана жардамды өз милдеттерин аткаруу үчүн ишкананын башкаруучусуна берүүгө милдеттүү. Ишкананын башкаруучусу ишкананы өзү башкарып турган учурдан башкасына - ишкананын мурдагы карыздарына жоопкерчилик тартпайт.
3. Ишканага башкаруучу дайындалгандан кийин күрөөгө коюлган ишканага карата банкротчулук процесси козголгондо башкаруучу ишкананын атайын администратору катары чыга алат.
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-39" title="39-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>