# 38-статья. Күрөөгө коюлган ишканага карата күрөө берүүчүнүн укуктары

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 38-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-38

---

1. Күрөө берүүчү күрөө кармоочунун макулдугу менен күрөөгө берилген ишканага тиешелүү мүлктү сатууга, алмашууга, ижарага берүүгө, зайымга сунуштоого, дагы башкача жол менен ээлик кылууга укуктуу, ошондой эле ал мүлктүн курамына, эгерде күрөө жөнүндө көрсөтүлгөн келишимдеги мүлктүн жалпы наркы азайышына алып келбесе, ошондой эле күрөө келишиминин башка шарттарын бузбаса, ошол мүлктүн курамына өзгөртүү киргизе алат.

2. Күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө берүүчү ишканага таандык мүлктү күрөөгө берүүгө, бүтүм жасоого кыймылсыз мүлктү ажыратууга багытталган ишканага таандык бүтүмдөрдү жасоого укуксуз, эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса. Ишкананын күрөө берүүчүсү күрөө кармоочунун талабы боюнча көзкарандысыз аудитордун маалымкаты менен тастыкталган ишкананын кирешелери, чыгашалары жөнүндө учурдагы отчетту жана баланстык отчетту берүүгө милдеттүү.

3. Ишкананын күрөөсү менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылбаганда күрөө кармоочу күрөө жөнүндөгү келишимде каралган ишкананын финасылык абалын оңдоо боюнча ишкананын башкаруу органдарына өкүлдөрдү дайындоону, чыгарылган продукцияга ээлик кылуу укугуна чек коюуну кошкондо чараларды көрүүгө укуктуу. Эгерде көрсөтүлгөн чаралар тиешелүү натыйжасын бербесе, күрөө кармоочу өндүрүп алууну күрөөгө коюлган ишканага айлантууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-39)
