# 37-статья. Ишкананын күрөөсү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 37-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-37

---

1. Мүлк комплекси катары ишкананы күрөөгө койгондо (мындан ары - ишкана), эгерде мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, күрөө укугу анын курамына кирген бардык мүлккө, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө, материалдык жана материалдык эмес активдерге, имаратка, курулмаларга, жабдууларга, инвентарга, чийки затка, даяр продукцияга, талап кылуу укуктарына, өзгөчө укуктарга, анын ичинде күрөө мезгилинде алынган укуктарга жайылтылат.

Ишкананын мүлкүнө тиешелүү күрөөгө берилүүчү курам жана анын наркын баалоо ошол мүлктү толук инвентаризациядан өткөрүүнүн негизинде аныкталат. Инвентаризация акты, бухгалтериялык баланс күрөө жөнүндөгү келишимдин милдеттүү тиркемелери болуп эсептелет.

2. Күрөө берүүчүгө таандык ишкана жайгашкан жер участкасын мөөнөтсүз пайдаланууга берүү күрөө укугуна жайылтылбайт. Өндүрүп алууну мындай ишканага айландырганда ошол мүлктү менчикке алуучу жак ошондой эле шарттарда жана көлөмдө жер участкасын пайдалануу укугун кыймылсыз мүлктүн мурдагы менчик ээсиники (күрөө берүүчү) менен бирдей өзүнө алат.

3. Ишкана күрөөгө ишканага таандык мүлк ээсинин же ал ыйгарым укук берген органдын макулдугу болгондо жол берилет. Ушул талапты бузуу менен түзүлгөн ишкананын күрөөсү жөнүндөгү келишим жараксыз болот.

---

Мурунку берене: [364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-364)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-38)
