# 364-статья. Жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111442)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266976..1266977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 364-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-364

---

1. Жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күрөө берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.

2. Ал боюнча депозиттик эсепке алуу жүзөгө ашырылуучу жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү бул күрөөлүктү жоготуу фактысын көрсөтүү менен, тийиштүү депозитарий тарабынан берилүүчү ал күрөөнүн акыркы ээси жөнүндө маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт, мында депозиттик эсептер боюнча жазууларга ылайык анын ээси болуп саналган жак ипотека күрөөлүгүн жоготкон жак деп таанылат.

3. Күрөө берүүчү өзү тарабынан түзүлгөн жоготулган ипотека күрөөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечимин алгандан кийин, 3 күндүн ичинде "дубликат" деген белгиси менен бул ипотека күрөөлүгүнүн дубликатын түзүүгө жана аны кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган органга берүүгө милдеттүү.

4. Ипотека күрөөлүгүнүн дубликаты аны жоготкон жакка мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган орган тарабынан тапшырылат.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [363-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-363)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-37)
