364-статья. Жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2016 года № 163
1. Жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күрөө берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ал боюнча депозиттик эсепке алуу жүзөгө ашырылуучу жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү бул күрөөлүктү жоготуу фактысын көрсөтүү менен, тийиштүү депозитарий тарабынан берилүүчү ал күрөөнүн акыркы ээси жөнүндө маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт, мында депозиттик эсептер боюнча жазууларга ылайык анын ээси болуп саналган жак ипотека күрөөлүгүн жоготкон жак деп таанылат.
3. Күрөө берүүчү өзү тарабынан түзүлгөн жоготулган ипотека күрөөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечимин алгандан кийин, 3 күндүн ичинде "дубликат" деген белгиси менен бул ипотека күрөөлүгүнүн дубликатын түзүүгө жана аны кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган органга берүүгө милдеттүү.
4. Ипотека күрөөлүгүнүн дубликаты аны жоготкон жакка мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган орган тарабынан тапшырылат.
(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
364-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2016 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү 1. Жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күрөө берүүчү тарабынан жүргүзүлөт. 2. Ал боюнча депозиттик эсепке алуу жүзөгө ашырылуучу жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү бул күрөөлүктү жоготуу фактысын көрсөтүү менен, тийиштүү депозитарий тарабынан берилүүчү ал күрөөнүн акыркы ээси жөнүндө маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт, мында депозиттик эсептер боюнча жазууларга ылайык анын ээси болуп саналган жак ипотека күрөөлүгүн жоготкон жак деп таанылат. 3. Күрөө берүүчү өзү тарабынан түзүлгөн жоготулган ипотека күрөөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечимин алгандан кийин, 3 күндүн ичинде "дубликат" деген белгиси менен бул ипотека күрөөлүгүнүн дубликатын түзүүгө жана аны кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган органга берүүгө милдеттүү. 4. Ипотека күрөөлүгүнүн дубликаты аны жоготкон жакка мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган орган тарабынан тапшырылат. (КР 2016-жылдын 2-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-364" title="364-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>