# 363-статья. Ипотека күрөөлүгү боюнча укуктарды жүзөгө ашыруу жана ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелерди аткаруу

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111442)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266976..1266977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 363-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-363

---

1. Ипотека күрөөлүгүнүн ээси өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда ипотека күрөөлүгүн анын талабы боюнча ал боюнча милдеттүү жакка көрсөтүүгө милдеттүү. Эгерде ипотека күрөөлүгү депозиттик эсепке алууга берилген учурда, ипотека күрөөлүгүнүн ээси аны көрсөтпөй коюуга укуктуу. Ипотека күрөөлүгүн депозиттик эсепке алууну жүзөгө ашырган учурда, карызкор анын ээсинен анын укуктарын ырастоого ыйгарым укуктуу жактын колу жана депозитарийдин мөөрү менен ырасталган депозитарий көчүрмөсүн талап кылууга укуктуу.

2. Күрөө кармоочу ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылгандан кийин милдеттенмелердин толук аткарылгандыгы жөнүндө белгиси менен ипотека күрөөлүгүн күрөө кармоочуга токтоосуз берүүгө, милдеттенмелер бөлүктөр боюнча аткарылган учурда - күрөө берүүчү үчүн анын жеткиликтүү жана ипотека күрөөлүгүнүн кийинки ээлери үчүн талашсыз ыкмада жарым-жартылай аткарылгандыгын, анын ичинде тийиштүү финансылык документтерди тиркөө менен же ага милдеттенмелердин жарым-жартылай аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүргүзүү менен ырастоого милдеттүү.

3. Ипотека күрөөлүгү күрөө кармоочуда турса же болбосо анда ипотека менен камсыз кылынган милдеттенменин башкача түрдө же жарым-жартылай аткарылганын ырастоочу белги жок болсо, эгерде башкача далилденбесе, анда бул милдеттенмелер же анын тийиштүү бөлүктөрү аткарылбагандыгын күбөлөндүрөт. Мындай учурда карызкор тарабынан милдеттенмелердин аткарылбагандыгын далилдөө боюнча милдеттенмелер жарандык мыйзамдарга ылайык кредиторго жүктөлөт.

4. Карызкор ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча өз карызын толук же анын ээсине же ал боюнча укуктарды жүзөгө ашырууга ипотека күрөөлүгүнүн ээсин же жазуу жүзүндө ыйгарым укук берген жактын милдеттерин жабуу графигине ылайык, ипотека күрөөлүгү боюнча өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарууга тийиш болгон бөлүгүн жабат.

5. Эгерде сот тарабынан бул ипотека күрөөлүгү боюнча берилген укуктарды жараксыз деп таануу жөнүндө, же болбосо бул бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө, же болбосо ипотека күрөөлүгүнүн өзүнүн жараксыздыгы жөнүндө доо кароого алынган учурда ипотека күрөөлүгү боюнча милдеттүү жак ипотека күрөөлүгүн көрсөтүүчүгө ипотека күрөөлүгү боюнча өзүнүн укуктарын жүзөгө ашыруудан баш тартууга укуктуу.

Ипотека күрөөлүгү боюнча милдеттүү жак анын мыйзамдуу ээсинин ал боюнча укуктарды жүзөгө ашыруу жөнүндө талаптарына каршы ипотека күрөөлүгүнө негизделбеген эч кандай каршылыктарды келтирүүгө укуксуз.

6. Ал боюнча милдеттүү жакта же кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган органда ипотека күрөөлүгү турса, эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылгандыгын күбөлөндүрөт. Ипотека күрөөлүгү анын ээлигинде болуп калган жак жогоруда аталгандардын ичинен башка жактарга токтоосуз бул тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

Ушул Мыйзамга ылайык ипотека күрөөлүгү жокко чыгарылган учурларда, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган орган ал тарабынан ипотека күрөөлүгү алынаары менен токтоосуз, мындай органдын ыйгарым укуктуу жагынын колу жана мөөрү коюу менен, аны бет жагын тийиштүү жазуулар менен белгилөө аркылуу жокко чыгарат, мында ипотека күрөөлүгүн толугу менен жок кылууга тыюу салынат. (КР 2016-жылдын 2-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [362-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-362)  
Кийинки берене: [364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-364)
