# 36-статья. Ипотека күрөөлүгү тууралуу негизги жоболор

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2022 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/112423)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2022 [Закон КР от 2 августа 2022 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/112423); 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111442)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266983..1266984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 36-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-36

---

1. Ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча жана ипотека жөнүндө келишим боюнча күрөө кармоочунун укуктары ипотека күрөөлүгү менен ырасталышы мүмкүн.

2. Ипотека күрөөлүгү ипотекалык кредиттин эсебинен алынып жаткан кыймылсыз турак-жайдын менчик ээси тарабынан түзүлөт. Башка учурларда ипотека күрөөлүгү тууралуу шарттар жараксыз.

3. Ипотека күрөөлүгү ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме аяктаганга чейин кандай гана болбосун учурда күрөө берүүчү тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Ипотека күрөөлүгү боюнча күрөө кармоочунун укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Эгерде ипотека күрөөлүгү белгиленген тартипте каттоодон өтпөсө, ал жарамсыз.

4. Ипотека күрөөсүн түзгөн жак же болбосо анын ээси өз ара макулдашуу боюнча ипотека күрөөлүгүндө мурда белгиленген шарттарды өзгөртүүгө укуктуу. Мындай макулдашууну түзүүдө ипотека күрөөлүгүнүн мазмунуна, анда ипотека күрөөлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналаары көрсөтүлгөн мындай макулдашуунун түп нускасын тиркөө жолу менен өзгөртүү киргизүү же болбосо ипотека күрөөлүгүн жокко чыгарып, ошол эле учурда тийиштүү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен түзүлгөн жаны ипотека күрөөлүгүн берүү каралат. Ипотека күрөөлүгүнүн мазмунун өзгөртүү мындай өзгөртүүлөр мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ипотека күрөөлүгүнүн ээси аны лицензияланган депозитарийге эсепке алуу үчүн өткөрүп берүүгө укуктуу. Ипотека күрөөлүгүн депозиттик эсепке алуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-35)  
Кийинки берене: [361-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-361)
