# 34-статья. Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 97 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/202570)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266975..1266976>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 34-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-34

---

1. Жүгүртүүдөгү товарлар катары бир топ мезгил аралыгында пайдаланылса жана орду толтурулса боло турган товардык-материалдык корлор, чийки заттар, чала фабрикаттар жана даяр продукция эсептелет. Ушул статьяга ылайык жалпы сыпаттама берип, товарды белгилөөгө боло турган ушундай товарларды күрөөгө койсо болот. Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү жөнүндө келишимде күрөөнүн предмети болгон жүгүртүүдөгү товарлардын жалпы баяндамасы болууга тийиш Мүлк комплекси катары ишкана күрөөгө коюлган учурда, ал ошол ишканага таандык жүгүртүүдөгү бардык товарлардын күрөөсүн өзүнө камтыйт (эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса), ушундан улам тиешелүү товарлардын мүнөздөмөлөрүн же өзүнчө наркын жана башка касиеттерин сыпаттап жазууга же аныктоого зарылчылык болбойт.

2. Жүгүртүүдөгү товарлар күрөөгө коюлганда күрөөгө жүйө болуп белгилүү бир нарктагы товарлар саналат. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, күрөө берүүчү күрөөнүн жүйөсүн товардын жалпы наркы күрөө жөнүндөгү келишимде көрсөтүлгөндөн төмөн болуп калбагыдай кылып, күрөөнүн жүйөсүн алмаштырууга укугу бар, эгерде макулдашууда башкасы каралбаса, жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсүнүн жалпы наркы төмөндөтүлгөн учурлар эске алынбайт.

3. Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү катары күрөө берүүчүнүн өзүндө калтырылган товарлардын күрөөсү таанылат. Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсүндө жана кайра иштетилишинде күрөө берүүчү ушул главанын эрежелерин сактоо менен күрөөнүн жүйөсүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун сактайт.

4. Жүгүрүтүүдөгү товарлардын күрөөсү жөнүндөгү келишимдин шарттарына ылайык күрөө берүүчү тарабынан алынган жүгүртүүдөгү товарлар менчик укугунда күрөө берүүчүгө өткөн учурдан тартып же дагы башка буюмдук укук боюнча күрөөнүн жүйөсүнө айланат. Жүгүртүүдө турган товарлар сатып алуучунун менчигине, толук чарбалык ээлигине же оперативдүү башкаруусуна өткөн учурдан тартып күрөө болуудан калат.

5. Күрөөдөгү товарларды алуу үчүн күрөө берүүчүтө кредит берген күрөө кармоочу алар күрөөнүн жүйөсү болгон учурга чейин ушундай товарларга катталган күрөө укугуна ээ, жүгүртүүдөгү товарлар күрөөгө берүүчүнүн менчигине же тикелей ээлик кылуусуна өткөнгө чейин жогоруда белгиленген факт жөнүндө билдирген кандай гана болбосун башка күрөө кармоочунун алдында артыкчылыкка ээ.

6. Күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө ушул Мыйзамдын 58-статьясына ылайык өндүрүп алуу жөнүндө билдирмени тапшырганда жана ушул Мыйзамдын 581-статьясына ылайык өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталгандыгы жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазуу киргизгенде күрөө берүүчүгө жүгүртүүдөгү кандай болбосун товарларга ээлик кылууга тыюу салынат жана эгерде күрөө кармоочу өндүрүп алуу фактысын каттатса, жүгүртүүдөгү товарларды же аларга аралаш, же алмашылган товарды алуучу кандай жак болбосун күрөө менен оорлотулган ушундай мүлктү алышат.

7. Товарлардын күрөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товар бөлүштүрүүчү документ болуп саналган баалуу кагазды күрөө кармоочуга өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздар нотариалдык конторанын же банктын депозитине өткөрүп берилиши мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 97, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-33)  
Кийинки берене: [341-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-341)
