# 33-статья. Буюмду күрөө кармоочуда калтыруу менен жасалган күрөө учурунда күрөө кармоочунун милдеттери

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 33-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-33

---

Эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, күрөө берүүчү буюмду өзүндө калтырган күрөө учурунда төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) күрөө жүйөсүн сактоо үчүн анын ичинде келишимге ылайык капиталдык жана учурдагы ремонтту жүргүзүүгө зарыл бардык чараларды көрүүгө;

2) өз эсебинен өзүндө калтырылган күрөө жүйөсүн толук көлөмдө камсыздандырууга;

3) күрөө жүйөсү жараксыз болуп калган учурда күрөөнүн жүйөсүн калыбына келтирүүгө же рынок наркына барабар баадагы буюм менен ошол күрөөнүн жоголгон жүйөсүн алмаштырууга же тараптардын макулдашуусу боюнча төлөмдөрдүн макулдашылган мөөнөттөрүнө карабастан карызды (карыздын тиешелүү бөлүгүн) төлөп берүүгө;

4) күрөөнүн жүйөсү ижарага өткөрүлгөнү тууралу күрөө кармоочуга кабарлоого.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-34)
