# 31-статья. Күрөө кармоочуда буюмдарды калтыруу менен жасалган күрөөдөгү күрөө кармоочунун укуктары

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 февраля 2014 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205249)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266972..1266973>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 31-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-31

---

Эгерде күрөө жүйөсү күрөө кармоочуда турса, эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, күрөө кармоочу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) мүлктөн, ошондой эле ал жердеги күрөөгө коюлган мүлктүн өлчөмүн, абалын жана сакталыш же пайдаланылыш шарттарын текшерүүгө зарыл болгон кандай документация болбосун алууга;

2) күрөөгө коюлган мүлктүн жок болушуна, бузулушуна же наркынын төмөндөшүнө коркунуч келтирүүчү күрөөнүн жүйөсүнө кандай кол салуу болбосун токтотууну талап кылууга;

3) күрөө берүүчүдөн, күрөөнүн жүйөсүн коргоого багытталган чаралардын көрүлүшүн талап кылууга, эгерде негиздүү болсо;

4) күрөө кармоочунун күнөөсүнөн тышкары бузулуп калган күрөөгө коюлган мүлктү калыбына келтирүүнү же аны алмаштырууну төлөмдүн макулдашылган мөөнөттөрүнө карабастан карызды (карыздын тиешелүү бөлүгүн) берүүнү ушул Мыйзамдын 56-статьясынын 2-пунктуна ылайык талап кылууга;

5) күрөө жөнүндөгү келишимде каралган, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

(КР 2014-жылдын 4-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-32)
