# 29-статья. Акчалай каражаттардын күрөөсү

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 29-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-29

---

Акчалай каражаттардын күрөөсү аларды күрөө кармоочунун карамагына өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Банк болуп саналбаган жакка күрөө берүүчү тарабынан берилген акча каражаты күрөө кармоочу тарабынан банктын депозиттик эсебинде же нотариалдык конторада кармалат. Бул суммага кошулган пайыздар күрөө кармоочуга таандык болот. Кардардын эсеби бар банк тараптардын макулдугу боюнча банктын кредиттерин камсыз кылуу үчүн ошол кардардан (күрөө берүүчүгө) же үчүнчү жакка анын эсебинде турган акчалай каражаттарды күрөө катары алууга укугу бар. Мындай күрөө күрөөлүк деп эсептелет (саналат). Банктын кардарынын (күрөө берүүчүнүн) банктын эсебиндеги каражаттары тараптардын макулдугу боюнча үчүнчү жактын (күрөө кармоочунун) алдындагы күрөөнүн (күрөөлүктүн) жүйөсү катары чыкса болот. Күрөөнүн жүйөсү болуп саналбаган каражаттар, эгерде банк Күрөө кармоочу жана күрөө берүүчү тарабынан кардардын банк эсебиндеги каражаттарынын күрөөсүнө байланыштуу жазуу жүзүндө маалымдалса, банктын жазуу жүзүндө тастыктамасы болсо, кардардын банктагы эсебинен төлөнүп берилиши мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-30)
