29-статья. Акчалай каражаттардын күрөөсү
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 3-глава
Акчалай каражаттардын күрөөсү аларды күрөө кармоочунун карамагына өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Банк болуп саналбаган жакка күрөө берүүчү тарабынан берилген акча каражаты күрөө кармоочу тарабынан банктын депозиттик эсебинде же нотариалдык конторада кармалат. Бул суммага кошулган пайыздар күрөө кармоочуга таандык болот. Кардардын эсеби бар банк тараптардын макулдугу боюнча банктын кредиттерин камсыз кылуу үчүн ошол кардардан (күрөө берүүчүгө) же үчүнчү жакка анын эсебинде турган акчалай каражаттарды күрөө катары алууга укугу бар. Мындай күрөө күрөөлүк деп эсептелет (саналат). Банктын кардарынын (күрөө берүүчүнүн) банктын эсебиндеги каражаттары тараптардын макулдугу боюнча үчүнчү жактын (күрөө кармоочунун) алдындагы күрөөнүн (күрөөлүктүн) жүйөсү катары чыкса болот. Күрөөнүн жүйөсү болуп саналбаган каражаттар, эгерде банк Күрөө кармоочу жана күрөө берүүчү тарабынан кардардын банк эсебиндеги каражаттарынын күрөөсүнө байланыштуу жазуу жүзүндө маалымдалса, банктын жазуу жүзүндө тастыктамасы болсо, кардардын банктагы эсебинен төлөнүп берилиши мүмкүн эмес.
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-29" title="29-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>