# 26-статья. Күрөөлүк коюуда күрөө кармоочунун укуктары

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 26-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-26

---

1. Күрөө кармоочу күрөөгө коюлган мүлк банк эсебиндеги накталай акча менен берилгенден башка учурларда күрөө жөнүндөгү келишимде каралган көлөмдө күрөөлүк жүйөсүн пайдаланууга укуктуу, ал эми күрөө кармоочу катары банк чыгат. Эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, күрөө кармоочу болгон банк эсепте турган акчалай каражаттардан пайдаланууга укугу бар.

Алынган мүлк пайдалары биринчи кезекте күрөө кармоочунун күрөөгө коюлган күтүү жана сактоо багытындагы чыгымдарын жабуу, андан кийин карыздын негизги суммасы боюнча пайыздардан кутулуу үчүн жумшалат.

2. Эгерде күрөө берүүчү күрөөгө коюлган мүлк күрөө кармоочунун күнөөсү боюнча эмес, табияттын өзүнөн же курамынан улам, бузулуу, бүлүнүү же наркы төмөндөө коркунучу бар экенин билсе, ал бул тууралу күрөө кармоочуга дароо маалымат берет жана коргоону камсыз кылууну талап кылат. Эгерде күрөөгө коюлган мүлктүн ушундай бузулуучу бүлгүнгө учурашы, наркынын төмөндөшү күрөө кармоочунун күнөөсүнөн болбосо, күрөө кармоочу күрөөлүктүн жүйөсүн алмаштырууну, ошондой эле ошол күрөө кармоочу анын кесепети тарткан кандай гана чыгашалардын ордун толтурууну талап кылууга укугу бар.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-27)
