# 20-статья. Кыймылсыз мүлк күрөөсүн каттоо

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 98 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202648)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266975..1266976>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 20-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-20

---

1. Кыймылсыз мүлк күрөөсүн жана күрөө жөнүндөгү, ипотека, ошондой эле мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека келишимден келип чыгуучу укуктарды мамлекеттик каттоо кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдары менен белгиленген тартипте кыймылсыз мүлк укуктарын бирдиктүү мамлекеттик каттоону жүргүзгөн орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Күрөө жөнүндө, ипотека, ошондой эле мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека келишимден келип чыгуучу укук кыймылсыз мүлк турган жердеги жергиликтүү каттоочу органда катталууга тийиш.

3. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү өзүнө камтыган мүлктүк комплекс катары ишкананын күрөөсү күрөөнүн жүйөсү жайгашкан жердеги кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы керек, ошондой эле күрөө кармоочунун каалоосу боюнча Кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кошумча катталышы мүмкүн.

4. Эгерде кыймылсыз мүлктүн күрөөсү кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү идентификациялык номерин көрсөтпөсө, анда күрөө төмөндөгүдөй шарттарда Кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталышы керек, күрөөгө коюлган мүлктү күрөө жөнүндө келишимде сыпаттап жазуу анын аныкталып көрсөтүлүшү үчүн жетиштүү болот.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк комплекс катары ишкана күрөөгө коюлган учурда, эгерде күрөөнүн жүйөсү болуп саналган ишкананын кыймылсыз мүлкү өзалдынча сыпатталып жазыла элек болсо, күрөө Кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде ошол ишкананын атынан катталуучу кыймылсыз мүлктүн кандайына карата болбосун катталышы керек.

6. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы кыймылсыз мүлккө карата укуктарды оордотуу катары мамлекеттик каттоо, эгерде келишимде башкача белгиленбесе, мындай кыймылсыз мүлккө карата карыз алуучунун менчик укуктарын мамлекеттик каттоо менен бир эле учурда жүргүзүлөт.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-21)
