# 2-статья. Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдары

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2017 [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266978..1266979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 2-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-2

---

1. Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде башкача каралбаса, күрөө боюнча укук мамилелеринин өзгөчөлүктөрү жер, банк мыйзамдары жана банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.

2. Эгерде мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

21. Жарандар жана юридикалык жактар келишимдин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилөөдө жана жарандык мыйзамдарга карама-каршы келбөөчү келишимдин ар кандай шарттарын аныктоодо эркин болушат.

3. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле жарандыгы жок жактар күрөө боюнча мамилелерге келгенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары сыяктуу эле эрежелерден пайдаланышат, ошондой эле милдеттенмелерди алышат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 2-августундагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-3)
