# 19-статья. Укуктарды берүү жана күрөө жөнүндөгү келишим боюнча карызды которуу

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 19-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-19

---

1. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, күрөө кармоочу күрөө жөнүндөгү келишим боюнча өз укуктарын башка жакка берүүгө укуктуу.

2. Күрөө жөнүндөгү келишим боюнча укуктары берилген жак, ушул келишим боюнча мурдагы күрөө кармоочунун ордун ээлейт. Күрөө жөнүндөгү келишим боюнча укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси менен белгиленген эрежелерге ылайык бүткөрүлөт.

3. Күрөө кармоочу тарабынан күрөө жөнүндөгү келишим боюнча укуктардын башка жакка берилиши, эгерде ошол эле жакка күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкорго талап коюу укугу берилген болсо, жарактуу деп табылат.

Эгерде башкасы далилденбесе, күрөө жөнүндөгү келишим боюнча укуктарды берүү күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча укуктарды берүү дегенди билдирет.

4. Карызкор күрөө кармоочунун (кредитордун) макулдугу боюнча өз карызын башка жакка которууга укуктуу. Карызды которуу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси менен белгиленген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-20)
