# 17-статья. Мамлекет тарабынан күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап алып коюунун кесепеттери

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 марта 2021 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112201)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266982..1266983>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 17-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-17

---

1. Эгерде күрөө берүүчүнүн күрөөнүн жүйөсү болгон мүлккө карата менчик укугу мыйзамда белгиленген негиздерде жана тартипте токтотулса, мамлекеттин же коомдун муктаждыктары үчүн алып коюунун (сатып алуунун), аны реквизиция же мамлекеттештирүү чарасынын натыйжасында күрөө берүүчүгө башка мүлк же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү түрдө орду толтурулуучу чара колдонулат. Күрөө ордуна берилген мүлккө да жайылтылат, болбосо күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө тиешелүү болчу суммалардын эсебинен өз таламдарын артыкчылыктуу канагаттандыруу укугун алат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган укуктар менен кызыкчылыктары толук корголушу мүмкүн болбогон күрөө кармоочу күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга жана алып коюлгандын ордуна күрөө берүүчүлөргө берген мүлктү өндүрүп алууга айландырууну талап кылууга укуктуу.

3. Күрөөнүн жүйөсү болуп саналган мүлк күрөө берүүчүдөн мамлекет аркылуу кылмыш кылгандыгы же дагы башка укук бузгандыгы (конфискация) үчүн санкция түрүндө алып коюлган учурларда күрөө өзүнүн күчүн сактайт жана ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 8-пунктунун эрежелери колдонулат. Бирок ушул эрежелердин колдонулушу менен кызыкчылыктары толук корголбой калышы мүмкүн болгон күрөө кармоочу күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууну жана өндүрүп алууну конфискацияланган мүлккө айландырууну талап кылууга укуктуу.

(КР 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-18)
