# 14-статья. Күрөөнү башкаруучу

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266975..1266976>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 14-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-14

---

1. Күрөө кармоочу күрөөгө коюлган мүлк үчүн бардык күрөө кармоочулардын укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн өз өкүлүн күрөөнүн башкаруучусу катары дайындай алат. Күрөөнүн башкаруучусу катары жеке жана юридикалык жактардын кайсынысы болсо да дайындалат.

2. Күрөө кармоочу тарабынан күрөөнү башкаруучуну дайындоо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, аны менен өзүнчө келишимди түзүү аркылуу (ошонун ичинде тапшыруу келишими ж.б.) жана күрөө жөнүндөгү келишимге күрөөнү башкаруучуну дайындоо тууралу кошумча шарттарды киргизүү менен жүзөгө ашырылат.

Эгерде күрөөнүн жүйөсү кыймылсыз мүлк болуп саналса, күрөөнү башкаруучуну дайындоо же болбосо анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маалымат күрөө кармоочуга жиберилүүгө тийиш жана катталган күрөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилген учурда, эгерде күрөөнүн жүйөсү кыймылдуу мүлк болсо, анда маалымат ушул Мыйзамдын 21-статьясына ылайык күрөө билдирмесинде чагылдырылууга тийиш. (КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-15)
