# 10-статья. Күрөө жөнүндөгү келишимдин формасы жана мазмуну

- Документ: [Күрөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1644)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 30 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"](https://aqlex.ai/kg/doc/112513)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 30 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"](https://aqlex.ai/kg/doc/112513); 02.08.2017 [Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/111678); 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 97 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/202570); 06.08.2007 [Закон КР от 6 августа 2007 года № 133 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О залоге"](https://aqlex.ai/kg/doc/202166)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644#diff=1266984..1266985>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1575/edition/1266962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1644/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күрөө жөнүндө, 10-статья (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-10

---

1. Күрөө жөнүндөгү келишим тараптар кол койгон документти түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.

2. (Абзац КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кыймылсыз мүлк укуктарынын күрөө жөнүндөгү келишими Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо тууралу мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү жана күчүнө кирди деп эсептелет.

3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында белгиленген күрөө келишиминин формасы жөнүндө эрежелердин сакталбаганы күрөө жөнүндө келишим жараксыз деп табылышына алып келет. Мындай келишимдин бар-жогу эсепке алынбайт.

4. Күрөө жөнүндөгү келишимде төмөндөгүлөр камтылышы керек:

1) тараптардын аты-жөнү (фамилиясы, аты, атасынын аты) жана турган жери;

2) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдеттенменин максималдуу суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн;

3) аны идентификациялоо үчүн күрөө предметинин жетиштүү жалпы баяндамасы;

31) келишимдин колдонулушунун мөөнөтү. Эгерде келишимде анын колдонулушунун мөөнөтү көрсөтүлбөсө, келишим анда аныкталган тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышы аяктаган учурга чейин колдонууда болот деп таанылат;

4) күрөөнүн жүйөсү болуп саналган мүлк укугу күрөө кармоочуга таандык болуусу менен укук берүүчү реквизиттери, каттоодон өткөрүлүүгө тийиш кыймылсыз мүлктүн же мүлктүн документинин көрсөтүлүшү;

5) өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктүн баасы, ал күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашууда аныкталат, ал эми кыймылсыз мүлккө карата - мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен күрөө кармоочунун жана күрөө берүүчүнүн ортосундагы кошумча макулдашууда аныкталат.

Тараптар күрөө жөнүндөгү келишимде бардык же кайсы бир талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү тууралу "арбитраждык эскертмени" карай алышат жана мындай талаш-тартыш күрөөгө тиешелүү укук мамилелерине байланыштуу алардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн. Бейтарап макулдашуу өзүнчө макулдашуу менен да жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Бейтарап макулдашууну түзүүнүн шарттары жана тартиби тиешелүү мыйзамда каралат. Тараптар күрөө жөнүндөгү келишимде мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка да шарттарды карай алышат.

5. Эгерде күрөө кармоочунун укугу күрөөлүк менен ырасталса, анда ал күрөө жөнүндөгү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.

6. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 97 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. (КР 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Күрөө боюнча милдеттенме кайсы бир келишимге негизделген учурларда ошол келишимдин тараптары жана аны түзгөн дата көрсөтүлүүгө тийиш.

9. Эгерде күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин суммасы кийин аныкталууга тийиш болсо, күрөө жөнүндөгү келишимде аны аныктоонун тартиби жана башка зарыл шарттары көрсөтүлүшү керек.

10. Эгерде күрөөнүн жүйөсү күрөө берүүчүгө таандык ижара укугу болсо, күрөө жөнүндөгү келишимде ижарага алынган мүлк жана аны ижарага алуунун мөөнөтү көрсөтүлүшү керек.

(КР 2007-жылдын 6-августундагы № 133, 2009-жылдын 30-мартындагы № 97, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2017-жылдын 2-августундагы № 171, 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1644/st-11)
