Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Распоряжение Правительства КР
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 26 ноября 2008 года № 618-р (О введении ограничений движения транспортных средств на участке с 103 км по 117 км автомобильной дороги Бишкек-Нарын-Торугарт)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-11-26.
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 26-ноябрындагы № 618-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2002-жылдын 16-июлу № 378-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 5-ноябрындагы № 608-б буйругунун,
2003-жылдын 28-октябрындагы № 665-б буйругунун,
2005-жылдын 18-октябрындагы № 448-б буйругунун
редакциясына ылайык)
2002-жылдын апрель-майында жааган нөшөрлөгөн жамгырдан улам эл
аралык маанидеги Бишкек - Нарын - Торугарт автомобиль жолунун 115-кило-
метриндеги жол боюнда узундугу 28 метр жарањка пайда болгон.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана "Автомо-
биль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына
ылайык:
1. 2006-жылдын 16-июлунан 31-декабрына чейин Бишкек - Нарын - То-
ругарт автомобиль жолунун 103-километрден 117-километрге чейинки учас-
тогунда транспорт каражаттарынын кыймылын чектөө киргизилсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-ноябрындагы №
608-б буйругунун, 2003-жылдын 28-октябрындагы № 665-б буйругунун,
2005-жылдын 18-октябрындагы N 448-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Оор салмактагы жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун кый-
мылы Кемин - Шабдан - Кок-Ойрок автомобиль жолу боюнча Бишкек - Нарын -
Торугарт автомобиль жолунун 103-километринен баштап 117-километрине
чейин көрсөтүлгөн автожолдун эки багытында жүргүзүлө тургандыгы белги-
ленсин.
3. Кыргыз Республикасынын ИИМиннн МАИ башкармалыгына Бишкек - На-
рын - Торугарт автомобиль жолунун 103 жана 117-километринде МАИнин
убактылуу постторун орнотууга уруксат берилсин.
МАИнин көрсөтүлгөн постторунун иштөө мезгили - 2006-жылдын 16-ию-
лунан 31-декабрына чейин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-ноябрындагы N
608-б буйругунун, 2003-жылдын 28-октябрындагы N 665-б буйругунун,
2005-жылдын 18-октябрындагы N 448-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги:
- Бишкек - Нарын - Торугарт автомобиль жолунун 115-километриндеги
жер кыртышынын абалын изилдесин, аны жана жол кыртышын тиешелүү абалга
келтирүү боюнча долбоорлук чечим кабыл алсын;
- Кемин - Шабдан - Көк-Ойрок автомобиль жолун жүргүнчүлөрдү ташуу-
да коопсуздук талаптарына (жолго белгилерди жана тосмолорду орнотуу,
жол чийиндерии белгилөө ж.б.) жооп берүүчү абалга келтирүү боюнча бир
айлык мөөнөттө чаралардын комплексин ишке ашырсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын соода, өнөржай, курулуш комплекстери
жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябры №618-б буйругу ( Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун көрсөтүлгөн участогун реабилитациялоо боюнча иштер аяктаганга…Распоряжение · 26.11.2008 · № 618
- Распоряжение Правительства КР от 5 ноября 2002 года №608-р (О безопасности дорожного движения)Распоряжение · 05.11.2002 · № 608 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-октябрындагы № 448-б буйругуРаспоряжение · 18.10.2005 · № 448 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябры №618-б буйругу ( Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун көрсөтүлгөн участогун реабилитациялоо боюнча иштер аяктаганга…Распоряжение · 26.11.2008 · № 618
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.