Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Распоряжение Правительства КР (Об использовании специальных средств центральных органов государственного управления, местных государственных администраций, формируемых за счет сборов, платежей, доходов и санкций, предоставляемых платных услуг)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 29 мая 2012 года № 235-р (О признании утратившим силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики от 21 июня 2002 года № 335-р)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-05-29.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 235 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2002-жылдын 21-июну № 335-б Кыргыз Республикасынын Президентинин "Республикалык бюджетти үнөмдүү чыгымдоону камсыздоо, финансылык тартипти чыңдоо жана мамлекеттик менчикке жана бюджеттик каражаттарга кол салууга каршы күрөштү күчөтүү боюнча кечиктирилгис чаралары жөнүндө" 2002-жылдын 23-апрелиндеги жана "Инвестициялык жана башка ишмердик иш-аракеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" 2002-жылдын 25-апрелиндеги указдарын аткаруу максатында:
1. Өкмөттүк комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Танаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Гогаев Б.Х. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Цой Ман-Су - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана региондук өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын юридика бөлүмүнүн башчысы.
2. Жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
3. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө жыйымдардын, төлөмдөрдүн, кирешелердин жана санкциялардын, акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн ж.б. эсебинен түзүлгөн мамлекеттик башкаруунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын борбордук органдарынын атайын каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча талдоо жүргүзсүн.
Ар бир мамлекеттик орган боюнча жүргүзүлгөн талдоонун негизинде атайын каражаттарды түзүү жана пайдалануу булактарынын негиздүүлүгү жөнүндө маалым-кат даярдасын.
4. Өкмөттүк комиссия жумушчу топ тарабынан даярдалган маалыматтын негизинде атайын каражаттарды толук көлөмүндө мамлекеттик бюджеттин кирешесине которуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - Министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр
Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-июнундагы № 335-б буйругуна тиркеме
Жумушчу топтун
КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кирешелер башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички аудит башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын башкы инспектору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнүн референти;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын юридика бөлүмүнүн референти.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси - Министр Б.Талгарбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Распоряжение Правительства КР от 10 сентября 2002 года №484-р (О приостановлении финансирования расходов бюджетных учреждений по специальным средствам для проведения аудиторских…Распоряжение · 10.09.2002 · № 484-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 235 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-июнундагы № 335-б буйругу күчүн жоготту боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.05.2012 · № 235-р
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 235 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-июнундагы № 335-б буйругу күчүн жоготту боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.05.2012 · № 235-р
- Указ Президента КР от 23 апреля 2002 года УП №98 " О неотложных мерах по обеспечению экономии расходов республиканского бюджета, укреплению финансовой дисциплины и усилению…Указ · 23.04.2002 · № 98 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.