# 9-статья. Жамааттын мүчөлөрү жана алардын укуктары

- Документ: [Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1632)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылынын 21-февралыныдагы № 36 "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О жамаатах (общинах) и их объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001208)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632#diff=568581..2720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1563/edition/568580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1632/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө, 9-статья (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-9

---

1. Жамааттын уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, мүчөлүк акыларды төлөгөн, жамаат менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам жамааттын мүчөсү боло алат.

2. Жамааттын уставына ылайык, жамаатка мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат.

3. Жамааттын мүчөлөрү жамааттык менчикти бирдей пайдалана алышат.

4. Жамааттын мүчөсү уставдын жоболорун жана ченемдерин сактабагандыгы жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн чыгарылышы мүмкүн.

5. Жамааттын мүчөсүн андан чыгаруу ага алдын ала 30 күн мурда кабарлангандан жана жамааттын жалпы чогулушунда чыгып сүйлөө укугу берилгенден кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Жамааттын мүчөсү аны чыгаруу жөнүндөгү жалпы чогулуштун чечимине макул болбогондо, чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-10)
