# 7-статья. Жамааттын уставы

- Документ: [Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1632)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылынын 21-февралыныдагы № 36 "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О жамаатах (общинах) и их объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001208)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632#diff=568581..2720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1563/edition/568580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1632/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө, 7-статья (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-7

---

1. Устав жамааттын негизги уюштуруучулук-укуктук документи болуп саналат.

2. Жамааттын уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

- жамааттын толук жана кыскартылган аталышын;

- жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттери жөнүндөгү жобону;

- жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана андан чыгуу (чыгаруу) шарттарын жана тартибин;

- жамаатка кирүүнүн жана мүчөлүк акынын белгиленген эң аз өлчөмүн жана аларды төгүүнүн тартибин жана шарттарын;

- жамааттын төрагасынын ыйгарым укуктары жана иш-милдеттери жөнүндө жобону;

- жамааттын башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартибин;

- жамааттын иштеринин регламентин;

- жамааттын төрагасын шайлоонун жана бошотуунун тартибин;

- жамааттын каражаттарын түзүү жана аларды пайдалануу тартибин;

- жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартибин;

- жамааттын ишинин эсебинин, аудитинин тартибин;

- жаматтын ишин токтотуунун (кайра уюштуруунун жана жоюунун) шарттарын:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жамааттын иштеринин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жоболорду.

3. Жамааттын жетекчилиги жамааттын ар бир мүчөсүнө жамааттын уставына киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө алар кабыл алынганга чейин бир ай мурда билдирүүгө милдеттүү.

4. Жамааттын уставы жалпы чогулушта жыйналышка катышкан уюмдаштыруучулардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-8)
