3-статья. Жамаатты түзүүнүн жана иштешинин принциптери
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · I бөлүм
Жамааттын иши төмөндөгү принциптерде жүзөгө ашырылат:
- мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
- ыктыярдуу мүчөлүк;
- демократия, айкындуулук, ачыктык жана коомдук пикирди эсепке
алуу;
- социалдык-коомдук, экологиялык, турак-жай жана жамааттын
мүчөлөрүнүн таламдарын козгой турган дагы башка маселелерди чечүүдөгү коллегиалдуулук, эркин талкуулоо;
- экономикалык жана чарбалык өзалдынчалыктын негизиндеги өзүн өзү
аныктоо, өзүн өзү жөнгө салуу жана өзүн өзү каржылоо;
- үй чарбачылыгындагы бирдей өкүлчүлүктү камсыз кылуу;
- жамааттын мүчөлөрүнүн таламдарынын жалпылыгы;
- жашаган жери боюнча аймакташтык.
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1632/st-3" title="3-статья - Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>