# 19-статья. Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүү жана анын иштеши

- Документ: [Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1632)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылынын 21-февралыныдагы № 36 "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1563/edition/568580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1632/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө, 19-статья (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-19

---

1. Социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү, жергиликтүү коомдош-

тук мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн бириккен жамааттар ыкты- ярдуу негизде коммерциялык эмес уюмду - юридикалык жак болуп саналган жергиликтүү өнүгүү фондун уюштурат.

2. Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүүнүн жана жоюунун тартиби, анын

каражатырын түзүү жана аларды берүү шарттары жергиликтүү өнүгүү фонду- нун уставы менен жөнгө салынат, ал юстиция органдарында катталат.

3. Уюмдаштыруучулардын жалпы чогулушунда жергиликтүү өнүгүү фонду-

нун уставына ылайык Фонддун башкармалыгы шайланат.

4. Жергиликтүү өнүгүү фондуна салымдар катарында жамааттардын ык-

тыярдуу төгүмдөрү, жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык донорлор- дун, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын демөөрчүлүк каражаттары пайда- ланылышы мүмкүн.

5. Жергиликтүү өнүгүү фондунан каражаттарды берүү белгиленген ке-

зектүүлүк тартибинде, ачыктыктын жана айкындуулуктун шарттарында жерги- ликтүү өнүгүү фондунун башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.

6. Уставда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

каралган учурлардан тышкары жергиликтүү өнүгүү фондунун иштерине анын юридикалык статусун, ишинин максатын жана мүнөзүн өзгөртүүтө алып келүүчү кандай гана болбосун тышкы кийлигишүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-20)
