19-статья. Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүү жана анын иштеши
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · III бөлүм
1. Социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү, жергиликтүү коомдош-
тук мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн бириккен жамааттар ыкты- ярдуу негизде коммерциялык эмес уюмду - юридикалык жак болуп саналган жергиликтүү өнүгүү фондун уюштурат.
2. Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүүнүн жана жоюунун тартиби, анын
каражатырын түзүү жана аларды берүү шарттары жергиликтүү өнүгүү фонду- нун уставы менен жөнгө салынат, ал юстиция органдарында катталат.
3. Уюмдаштыруучулардын жалпы чогулушунда жергиликтүү өнүгүү фонду-
нун уставына ылайык Фонддун башкармалыгы шайланат.
4. Жергиликтүү өнүгүү фондуна салымдар катарында жамааттардын ык-
тыярдуу төгүмдөрү, жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык донорлор- дун, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын демөөрчүлүк каражаттары пайда- ланылышы мүмкүн.
5. Жергиликтүү өнүгүү фондунан каражаттарды берүү белгиленген ке-
зектүүлүк тартибинде, ачыктыктын жана айкындуулуктун шарттарында жерги- ликтүү өнүгүү фондунун башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
6. Уставда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган учурлардан тышкары жергиликтүү өнүгүү фондунун иштерине анын юридикалык статусун, ишинин максатын жана мүнөзүн өзгөртүүтө алып келүүчү кандай гана болбосун тышкы кийлигишүүгө жол берилбейт.
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1632/st-19" title="19-статья - Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>