# 17-статья. Жамааттын финансы-экономикалык негизи жана менчиги

- Документ: [Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1632)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылынын 21-февралыныдагы № 36 "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1563/edition/568580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1632/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө, 17-статья (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-17

---

1. Жамааттын финансылык негизин кирүү жана мүчөлүк акылар, жамааттын менчигин пайдалануудан түшкөн каражаттар, демөөрчүлүк төгүмдөр, Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарынын ыктыярдуу салымдары, гранттар, ошондой эле зайым, кредит жана дагы башка финансы ресурстары түзөт.

Кирүү жана мүчөлүк акылардын өлчөмү жамааттардын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат.

2. Жамааттын экономикалык негизи жана менчиги ал тарабынан курулган же сатып алынган объекттер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар тарабынан ага өткөрүп берилген объекттер болуп саналат.

Жаматтын каражаттары ошол аймакта жашап жаткан калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана абат кылуу максаттары үчүн жаматтын мүчөлөрү тарабынан пайдаланылат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жамааттардын финансы-экономикалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-18)
