# 12-статья. Жамааттын укуктары жана жоопкерчилиги

- Документ: [Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1632)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылынын 21-февралыныдагы № 36 "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О жамаатах (общинах) и их объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001208)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О жамаатах (общинах) и их объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001208); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632#diff=568581..2720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1563/edition/568580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1632/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө, 12-статья (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-12

---

1. Жамаат төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- финансы-кредит мекемелеринде эсептерди ачууга;

- тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;

- өз аймактарын абат кылуу боюнча иштерди аткарууга, турак жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди курууга жана ремонттоого каралган өздөрүнүн финансы ресурстарын жана башка булактарды пайдалануу менен курууга тапшырыкчы катары чыгууга;

- жамааттын менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, турак жайлык эмес жайларды ижарага берүүгө;

- жамааттын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга.

2. Жамаат өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

Финансы каражаттарын тартуу жана пайдалануу жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, жамаат жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишмердиги жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат берет. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-13)
