# 10-статья. Жамааттын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоого алынышы

- Документ: [Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1632)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылынын 21-февралыныдагы № 36 "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О жамаатах (общинах) и их объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001208)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632#diff=568581..2720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1563/edition/568580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1632/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө, 10-статья (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-10

---

1. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- жамаатты түзүүгө жана өнүктүрүүгө зарыл болгон укуктук, уюштуруу шарттарын түзүүгө;

- жамаатты түзүү жана өнүктүрүү, анын өз алдынча башкаруу укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды, гранттарды жана микрокредиттерди тартууга көмөк көрсөтүшөт.

2. Жамааттын таламдарын козгоочу маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамааттык уюмдар менен консультацияларды өткөрөт.

3. Жамааттын алардын таламдарын козгоочу маселелер боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилүүчү расмий кайрылуулары Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-11)
