# 1-статья. Түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1632)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылынын 21-февралыныдагы № 36 "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О жамаатах (общинах) и их объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001208)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О жамаатах (общинах) и их объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001208); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632#diff=568581..2720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1563/edition/568580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1632/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө, 1-статья (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: жамаат - жергиликтүү маанидеги иштерди биргелешип жана жоопкерчилигин өз мойнуна алып чечүү үчүн бир көчөнүн, кварталдын же башка аймактык түзүлүштөгү айылдын же шаардын аймагында жашап жаткан үй чарбаларынын таламдарын көздөгөн жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн ыктыярдуу бирикмесин билдирген жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун формасы; жамааттардын бирикмелери - өз ишин координациялоо, жалпы таламдарды коргоо жана билдирүү, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана жалпы милдеттерди жана көйгөйлөрдү чечүү максатында ассоциациялар (бирликтер) формасында жамааттар тарабынан түзүлүүчү ыктыярдуу түзүлүш; жамааттын төрагасы - жамааттын уставына ылайык анын мүчөлөрү тарабынан шайланган адам; жамааттын уставы - жамааттын ишин жөнгө салуучу, анын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан, жалпы чогулушу менен кабыл алынган жамааттын негизги укуктук документи; жамааттын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу - жамаатты башкаруунун жогорку органы; жамааттын менчиги - жамаатка тиешелүү болгон, жамааттын пайдалануусундагы жана тескөөсүндөгү, жамааттын жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн киреше алуусунун жана социалдык-экономикалык жана руханий муктаждыктарын канааттандыруусунун булагы болуп кызмат кылган жамааттын менчиги (акчалай жана натуралай жагынан алгандагы); социалдык мобилизациялоо - өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана руханий таламдарын канааттандыруу, бири-бирине өз ара жардамдашуу, жакырчылыктан чыгуу, өзүндө болгон жана дагы башка ресурстарды пайдалануу менен өзүнүн өнүгүшүн илгерилетүү жана алардын жашоо турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизүүчү чечимдерди кабыл алуу процессине калкты активдүү катыштыруу максатында өзүнүн ар түрдүү менчик уюмдарына жергиликтүү тургундардын биригүү процесси; үй чарбачылыгы - турак жай бирдигинде чогуу жашап турган, өздөрүнүн каражаттарын толугу менен же жарым-жартылай бириктирип, чарбаны чогуу жүргүзүү аркылуу өздөрүн жашоо тиричиликке зарыл болгон нерселер менен камсыз кылышкан эки же андан ашык адамдан турган топ. Эскертүү: бул адамдар туугандык мамилелери же никеден келип чыгуучу мамилелер менен байланышы болушу мүмкүн, же туугандык жагынан байланышы болбошу да мүмкүн. Үй чарбачылыгы турак жай бирдигинде жашаган, өзүн жашоо тиричиликке зарыл болгон бардык нерселер менен камсыз кылган бир адамдан да турушу мүмкүн; өнүгүүнүн жергиликтүү фонду - жамааттар тарабынан түзүлгөн жана жамааттар менен алардын бирикмелеринин, салымдарынын, уюмдардын жана эл аралык донорлордун, ыктыярдуу башталыштагы демөөрчүлөрдүн төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн коомдук фонд. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1632/st-2)
