# 14-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1630)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 15-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1630/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1561/edition/284834/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1630/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө, 14-статья (20.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1630/st-14

---

Бюджеттик мекемелер жана чарба жүргүзүүчү субъектилер, бардык

дењгээлдеги мамлекеттик администрациялар тарабынан бюджеттик каражат-

тарды максатка ылайыксыз пайдаланылганда кайтарылуучу негизде берилген

бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбаганда, ошондой эле аларды

пайдалануу үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтү өткөндө, алар:

- мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн бардык формаларын кыскартуу же

берүүнү токтотуу үчүн;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдонуудагы эки эселен-

ген эсептик ставкасынын өлчөмүндө айып акы салуу үчүн негиз болуп эсеп-

телет.

Ишканаларга, уюмдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга,

Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна берилген

бюджеттик ссудаларды, кредиттерди кайтаруу, ошондой эле ушул каражат-

тарды пайдалануу үчүн акы төлөө бюджеттин төлөмдөрүнө тењештирилет жана

биринчи кезектеги тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1630/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1630/st-15)
