6-статья
Күчүндө · 16.03.2006 редакциясы
2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин
чыгашаларын каржылоо камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка булактардын
эсебинен иш жүзүндө алынган кирешелердин чектеринде жүргүзүлө турганды-
гы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогултулган каражаттарды
тиешелүү камсыздандыруу фондуна өз убагында чегерүү үчүн жоопкерчилик
тарта тургандыгы жана чогултулган каражаттарды башка максаттарга пайда-
ланууга укуксуз экендиги белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгаша-
лары түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2004-жыл үчүн Кыргыз Республи-
касынын Социалдык фондунун бюджетин аткарууну эске алуу менен көлөмүнүн
3 пайыздан ашпаган өлчөмүндө түзүлө тургандыгы жана чыгымдала турганды-
гы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджетти аткаруу процес-
синде ушул Мыйзамда бекитилген жалпы чыгашалардын чегинде чыгашалар
статьяларынын ортосундагы каражатты кайра бөлүштүрүү укугуна ээ экени
белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 78Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.03.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1629/st-6" title="6-статья - 2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун бюджети жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>