# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 33 "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун бюджети жонундо" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 33 "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун бюджети жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1629>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1560/edition/284832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1629.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 33 "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун бюджети жонундо" Мыйзамы (16.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1629

---

Бишкек шаары

2005-жылдын 13-февралы № 33

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык

фондунун бюджети жөнүндө

2005-жылдын 4-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 16-мартындагы № 78 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1629/st-1)

2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети кире-

шелер боюнча 5733,7 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 5608,0

млн. сом суммасында № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде.

Пенсиялык фондунуку - кирешелер боюнча 5256,6 млн.сом суммасында

жана чыгашалар боюнча 5428,4 млн.сом суммасында;

Социалдык камсыздандыруу фондунуку - кирешелер боюнча 62,2 млн.сом

суммасында жана чыгашалар боюнча 62,2 млн.сом суммасында;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку - кирешелер боюнча

243,1 млн.сом суммасында жана чыгашалар боюнча 243,1 млн.сом суммасын-

да.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 78Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1629/st-2)

2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин

киреше бөлүгү республикалык бюджеттен социалдык камсыздандырууга жана

трансферттерге 5733,7 млн.сом суммасында чегерүүлөрдүн эсебинен

түзүлөрү белгиленсин, анын ичинде фонддор боюнча:

Пенсиялык фондго - 5428,4 млн сом;

Социалдык камсыздандыруу фондуна - 62,2 млн.сом;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 243,1 млн.сом.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 78Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1629/st-3)

2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык

бюджеттен каржылоо 981,7 млн.сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:

аскер кызматчыларынын пенеияларына (Кыргыз - 217,0 млн.сом;

Республикасынын Ички иштер министрлигинин,

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин,

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук

кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

күзөт кызматынын, Кыргыз Республикасынын Чегара

кызматынын жана башкалардын пенсионерлерине)

жана аскер кызматчыларын мамлекеттик милдеттүү

жеке камсыздандырууга

пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бийик - 429,8 млн.сом;

тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн) жана

майыптардын, Улуу Ата Мекендик согуштун

катышуучуларынын жана башкалардын пенсияларына

кошумча төлөөлөргө

пенсионерлерге электр энергиясы үчүн - 258,8 млн.сом;

компенсациялык төлөөлөргө

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун - 76,1 млн.сом.

субвенциясына

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1629/st-4)

Пенсиялык фонддун, Социалдык камсыздандыруу фондунун, Милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фондунун чыгашаларынын статьяларын каржылоо

төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:

- Пенсиялык фонддун каражаттары боюнча - 5428,4 млн.сом;

- Социалдык камсыздандыруу фондунун каражаттары - 62,2 млн.сом;

боюнча

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун - 243,1 млн.сом.

каражаттары боюнча

2005-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 40,0 млн.

сом, Калкты иш менен камсыз кылууга жана окутууга көмөк көрсөтүү фонду-

на 15,0 млн. сом суммасында өткөн жылдар үчүн карыздары Пенсиялык фонд-

дун каражаттарынын эсебинен жоюлууга тийиш экени белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 78Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1629/st-5)

2005-жылга чыгашалардын статьяларын каржылоо төмөндөгүдөй бекитил-

син:

Социалдык камсыздандыруу фондунуку № 2 тиркемеге ылайык;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку № 3 тиркемеге ыла-

йык.

### [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1629/st-6)

2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин

чыгашаларын каржылоо камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка булактардын

эсебинен иш жүзүндө алынган кирешелердин чектеринде жүргүзүлө турганды-

гы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогултулган каражаттарды

тиешелүү камсыздандыруу фондуна өз убагында чегерүү үчүн жоопкерчилик

тарта тургандыгы жана чогултулган каражаттарды башка максаттарга пайда-

ланууга укуксуз экендиги белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгаша-

лары түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2004-жыл үчүн Кыргыз Республи-

касынын Социалдык фондунун бюджетин аткарууну эске алуу менен көлөмүнүн

3 пайыздан ашпаган өлчөмүндө түзүлө тургандыгы жана чыгымдала турганды-

гы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджетти аткаруу процес-

синде ушул Мыйзамда бекитилген жалпы чыгашалардын чегинде чыгашалар

статьяларынын ортосундагы каражатты кайра бөлүштүрүү укугуна ээ экени

белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 78Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1629/st-7)

1-январдан 31-декабрды кошкондогу убакыт бюджеттик жыл деп санала

тургандыгы белгиленсин. Эсептөө мезгили финансы жылын жана ал аяктаган-

дан кийинки бир айдан ашпаган мезгилди камтыйт, андан тышкары пенсиялык

милдеттенмелерден башка отчеттук жылдын ичинде бюджетти аткаруунун ал-

кагында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча операциялар аякталат. Бюд-

жет боюнча операцияларды аяктоонун айкын мөөнөтү жыл сайын Кыргыз Рес-

публикасынын Социалдык фондунун Башкармалыгы тарабынан аныкталат.

### [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1629/st-8)

Ушул Мыйзам 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
