# 7-берене. Анык эмес жарнама

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112617)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112617); 22.07.2019 [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945); 29.12.2016 [Закон КР от 29 декабря 2016 года № 227 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О рекламе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111506)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=1264828..1264829>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 7-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-7

---

Төмөндөгүлөр: товардын мүнөздөмөсү - анын табияты, курамы, даярдоо ыкмасы жана датасы, арналышы, керектөө касиеттери, колдонуу шарттары, ылайыктуулук сертификатынын же ылайыктуулук жөнүндө декларациянын болушу, тамак-аш продукциясын техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугун маркалоо жөнүндө, ошондой эле саны жана чыгарылган жери жөнүндө;

- товарды пайдалануунун жана сыноонун натыйжасы жөнүндө;

рынокто товардын болушу, аны белгилүү бир көлөмдө, мезгилде, убакытта жана жерде сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө;

- жарнаманы таратуу учуруна карата товардын наркы (баасы), аны төлөөнүн тартиби, арзандатуулардын өлчөмү, тарифтер жана товарларды сатып алуунун башка шарттары жөнүндө;

төлөөнүн кошумча шарттары жөнүндө; товарды жеткирүү, алмашуу, кайтаруу, оңдоо жана тейлөө жөнүндө; кепилдик милдеттер, иштөө, жарактуулук мөөнөттөрү жөнүндө; юридикалык жактын интеллектуалдык иштин продукциясына жана ага теңдештирилген жекелештирүү каражаттарына карата бирден бир укуктары, продукцияны, аткарылган ишти же кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү жөнүндө; мамлекеттик символдорду (желекти, гербди, гимнди), ошондой эле эл аралык уюмдардын символдорун пайдаланууга карата укуктар жөнүндө; расмий таануу, медалдар, байгелер, дипломдор жана башка сыйлыктарды алуу жөнүндө; эгерде товар сериялардын бөлүгү болсо, товардын толук сериясын сатып алуу ыкмалары тууралу маалымат берүү жөнүндө; изилдөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжалары, илимий терминдер, техникалык, илимий жана башка басылмалардан цитаталар жөнүндө; алардын негизделишин апырткан түрдө берүүгө тийиш болбогон статистикалык маалыматтар жөнүндө; кайсы бир сунушка болбосо жеке жана юридикалык жактардын жактыруусуна, анын ичинде эскиргендерге шилтемелер жасоо жөнүндө; эгерде документ түрүндө ырастоого мүмкүнчүлүк болбосо, эң чоң даражадагы терминдерди пайдалануу, анын ичинде "эң", "гана", "мыкты", "абсолюттук", "бирден бир" деген сөздөрдү жана башка ошол сыяктуу сөздөрдү пайдалануу жөнүндө; башка товар (товарлар) менен, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана абалы менен салыштыруулар жөнүндө; керектөөчүгө жарнамаланган товарлардын кайсы-бир кепилдиктери жөнүндө шилтеме берүү жөнүндө; товарга болгон суроо-талаптын факт жүзүндөгү чен-өлчөмү жөнүндө; жарнама берүүчүнүн өзү жөнүндө чындыкка туура келбеген маалыматтарды камтыган жарнама анык эмес жарнама болуп саналат. Анык эмес жарнамага жол берилбейт. (КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227 , 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-8)
