# 31-берене. Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112617)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=1264828..1264829>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 31-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-31

---

1. Жеке жана юридикалык жактар (жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар) жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.

Талаптагыдай эмес жарнаманын натыйжасында укуктары жана кызыкчылыктары бузулган адамдар сотко доо арызы менен, анын ичинде алынбай калган пайданы кошо чыгымдардын ордун толтуруп берүү, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү, моралдык зыянды компенсациялоо, ошондой эле талаптагыдай эмес жарнаманы ачык төгүндөө жөнүндө белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу.

2. Пайда (киреше) алуу максатында жасалган жана мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга же болбосо жарандардын мыйзам менен корголуучу укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу залал келтирген көз көрүнөө жалган жарнама Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.

3. Жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу же жарнама таратуучу монополияга каршы мамлекеттик органдын аракетине (аракетсиздигине) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу, административдик даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу же жарнама таратуучу сотко кайрылууга укуктуу, ал эми жазаларды колдонуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык каралышат.

Эгерде дайындалган актыларды аткарууну токтото туруу жөнүндө сот тарабынан аныктама чыгарылбаса, арызды берүү монополияга каршы мамлекеттик органдын эскертүүсүн же чечимин аткарууну токтотуп турбайт.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликти тартышат.

(КР 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-32)
