# 28-берене. Жарнама жагында өз алдынча жөнгө салуу органдарынын укуктары

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.07.2019 [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=1264823..1264825>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 28-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-28

---

1. Жарнама жагындагы өз алдынча жөнгө салуу органдары - юридикалык жактардын коомдук уюмдары (бирикмелери), ассоциациялары жана бирликтери:

жарнамага карата талаптарды, анын ичинде мыйзамдардын долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышууга тартылышы; жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуулугун аныктоо жагында жарнаманы көз карандысыз экспертизадан өткөрүшү жана жарнама берүүчүлөргө жана жарнама таратуучуларга тиешелүү сунуштарды жөнөтүшү; жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурларда материалдарды прокуратура органдарына жөнөтүшү жана аткаруу бийликтерине кайрылуулары мүмкүн.

2. Жарнама жагындагы өз алдынча жөнгө салуу органдары жарнаманы керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарында, анын ичинде жарнаманы керектөөчүлөрдүн аныкталбаган чөйрөсүнүн кызыкчылыктарында жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алардын укуктары бузулган учурда, белгиленген тартипте сотко доо коюуга укуктуу.

Керектөөчүлөрдүн аныкталбаган чөйрөсүнө карата доо канааттандырылганда сот укук бузуучуну соттун чечимин сот белгилеген мөөнөттө массалык маалымат каражаттары аркылуу же башка ыкма менен көрсөтүлгөн керектөөчүлөргө кабарлоого милдеттендирет. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-29)
