# 26-берене. Жарнама жагындагы мамлекеттик контроль боюнча монополияга каршы республикалык органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112617)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112617); 22.07.2019 [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945); 26.03.2018 [Закон КР от 26 марта 2018 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111764); 21.01.2015 [Закон КР от 21 января 2015 года № 23 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205446); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=1264828..1264829>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 26-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-26

---

1. Монополияга каршы мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контролду жарнама материалдарынын мониторинги аркылуу жүзөгө ашырат, ал:

- жарнаманы талаптагыдай эмес деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат;

фактыларына карата жеке жана юридикалык жактар тарабынан жол берилген талаптагыдай эмес жарнамага эскертүү жасайт жана аларга бөгөт коет; жарнама берүүчүлөргө, жарнама чыгаруучуларга жана жарнама таратуучуларга Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөлөр, каршы жарнаманы жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдерди жөнөтөт; иштин тийиштүү түрүн жүзөгө ашырууга берилген лицензияны токтото туруу тууралу же мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу жөнүндө маселени чечүү үчүн, Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузуулар жөнүндөгү материалдарды лицензия берген органдарга жөнөтөт; жарнама жагындагы кылмыш белгилери боюнча жазык ишин козгоо жөнүндөгү маселени чечүү үчүн материалдарды прокуратура органдарына жана башка укук коргоо органдарына жөнөтөт.

2. Монополияга каршы мамлекеттик орган жарнама берүүчүлөрдүн, жарнама чыгаруучулардын жана жарнама таратуучулардын Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузушуна байланыштуу жарнаманы пайдалануучулардын аныкталбаган чөйрөсүнүн кызыкчылыктарында жана талаптагыдай эмес жарнамага байланышкан бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жөнүндө сотторго доо коёт.

3. Сотторго доо коюуда монополияга каршы мамлекеттик орган мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштыкка бөгөт коюу боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар менен алардын кайрылуулары боюнча жарнама тажрыйбасынын эрежелерин жана адаттарын сактоо жөнүндө макулдашууларды түзүшөт.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2015-жылдын 21-январындагы № 23, 2018-жылдын 26-мартындагы № 31 , 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР 2015-жылдын 21-январындагы № 23 Мыйзамы менен 26-берененин расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-27)
