# 22-берене. Жарнама чыгаруу жана таратуу үчүн жарнамалык маалымат берүү

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=1264823..1264825>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 22-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-22

---

1. Жарнама чыгаруучу жана жарнама таратуучу талап кылууга, ал эми мындай учурда жарнама берүүчү жарнамалык маалыматтын аныктыгын документ түрүндө ырастап берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде жарнама берүүчүнүн иши лицензияланууга тийиш болсо, тийиштүү товардын жарнамасында, ошондой эле жарнама берүүчүнүн өзүн жарнамалоодо жарнама берүүчү көрсөтүүгө, ал эми жарнама чыгаруучу жана жарнама таратуучу тийиштүү лицензияны, болбосо анын ырасталган көчүрмөсүн көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-23)
