# 20-берене. Жарнаманы чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда жашы жетпегендерди коргоо

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112617)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112617); 22.07.2019 [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 62 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О рекламе""](https://aqlex.ai/kg/doc/203869)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=1264828..1264829>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 20-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20

---

1. Жашы жетпегендерди алардын ишенчээктигинен жана тажрыйбасыздыгынан кыянат пайдалануулардан коргоо максатында жарнаманы чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда:

ата-энелердин (же алардын биринин) жана тарбиячылардын кадыр-баркын кетирүүгө, жашы жетпегендердин аларга ишенимин жоготууга; ата-энелерин же башка адамдарды жарнамаланган товарды сатып алууга көндүрүүсү үчүн жашы жетпегендерди түздөн-түз ынандырууга; жашы жетпегендердин көңүлүн, тигил же бул товарларга ээ болуу башка жашы жетпегендерге караганда кандайдыр бир артыкчылык берет, ошондой эле мындай товарлардын жоктугу тескерисинче натыйжа берет дегенге бөлүүгө;

- жашы жетпегендерди кооптуу жайларда жана кырдаалдарда көрсөтүүчү, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, анын ичинде өзүнүн ден соолугуна залал келтирүүгө түрткү берүүчү тексттик, көрсөтмө же үндүү маалыматты жарнамага жайгаштырууга;

жашы жетпегендерде товарды пайдаланууга көндүмдүктөрдүн зарыл болгон деңгээлин төмөндөтүүгө жол берилбейт. Товарларды пайдалануунун натыйжалары көрсөтүлгөн же баяндалган учурда, жарнама белгилүү бир жаш курактык топтогулар үчүн товарлардын реалдуулугу жана жеткиликтүү экендиги жөнүндө маалымат берүүгө тийиш;

- жашы жетпегендерге товардын баасы жөнүндө аны бардыгы үчүн жеткиликтүү катары туура эмес түшүнүк жаратууга;

- жашы жетпегендердин физиологиялык өзгөчөлүктөрү менен байланышкан кемсинүү комплексин калыптандырууга;

- жарнамаланып жаткан товарга ээ эмес жашы жетпегендерде кемсинүү комплексин калыптандырууга.

2. Жашы жетпегендер үчүн товарларга тикелей тийиштүү болбогон жарнамада жашы жетпегендердин тексттик, көрсөтмөлүү же үндүү образын пайдаланууга жол берилбейт.

3. Балдардын тамак-аш азыктарынын жарнамасы аны эне сүтүн толугу менен алмаштыруучу катары көрсөтпөөгө тийиш жана ымыркайларды жасалма тамактандыруунун артыкчылыктары жөнүндө ырастоону камтыбашы керек.

4. Эне сүтүн алмаштыргыч катары колдонууга багытталган азыктардын жана жыйырма төрт айга чейинки курактагы ымыркайдын рационуна киргизилген азыктардын жарнамасында мындай азыктарды колдонуунун курактык чектөөлөрү жөнүндө маалыматтар жана адистерден консультацияларды алуу зарылдыгы тууралуу эскертүү камтылышы керек.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) II-1-глава Социалдык жана мамлекеттик жарнама (Глава КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-19)  
Кийинки берене: [20-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-1)
