# 20-5-берене. Социалдык жана мамлекеттик жарнаманы чыгаруучулар жана таратуучулар үчүн жеңилдиктер

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 20-5-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-5

---

Социалдык жана мамлекеттик жарнамаларды чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча жеке жана юридикалык жактардын акысыз жана жеңилдетилген негизде жүзөгө ашырылуучу иштери, социалдык жана мамлекеттик жарнамаларды чыгаруу жана таратуу үчүн башка жеке жана юридикалык жактарга өзүнүн мүлкүн, анын ичинде акча каражаттарын өткөрүп берүү кайрымдуулук иштери катары таанылат, аларга меценаттык жана кайрымдуулук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдиктер жайылтылат (КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-4)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-21)
