# 20-4-берене. Социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 20-4-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-4

---

1. Жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар жарнама берүүчүгө социалдык же мамлекеттик жарнамаларды чыгаруудан жана жайгаштыруудан төмөнкү учурларда баш тартууга укугу бар, эгер аларда:

- коммерциялык уюмдардын аталышы жана анын логотиптери, жеке ишкерлердин фамилиялары жана аты-жөнү, товардык белгилеринин аталыштары жана үлгүлөрү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дайындуу маркалары (моделдери, артикулдары) камтылса;

- саясий максаттарды көздөгөн саясий партиялардын жана алардын символдору, адамдын же адамдардын топторунун эскерүүлөрү камтылса;

- автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдар бузулса;

- адамдын укугу жана эркиндиги бузулса;

- жарнама таратуучулардын техникалык талаптарына ылайык келбесе;

- узактыгы 1 мүнөттөн жогору болсо же болбосо жарнама аянтынын болгон өлчөмүнөн ашып кетсе.

2. Социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу табыштама келип түшкөн күндөн кийин 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат.

Баш тартуу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине дайындуу шилтемелери көрсөтүлгөн жүйөөсү;

2) социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартууга даттануунун ыкмасы жана тартиби.

3. Социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгарууга, жайгаштырууга жана таратууга жолтоо болгон жарнама чыгаруучулардын жана жарнама таратуучулардын кандайдыр бир аракеттерине ушул Мыйзамдын 20-1-20-3-беренелеринде белгиленген чектерде жол берилбейт. Ушундай аракеттер жасалган учурда алар белгиленген тартипте сотко даттанылууга жатат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-3)  
Кийинки берене: [20-5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-5)
