# 20-3-берене. Социалдык жарнаманы жайгаштыруу үчүн лимит

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 20-3-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-3

---

1. Жарнама таратуучулар социалдык жарнаманы жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде жарнама аянтын - өткөн айда пайдаланылган жарнама аянтчаларынын жалпы көлөмүнүн бир айда 5 пайызын бөлүп берүүгө милдеттүү.

2. Жарнама таратуучулар социалдык жарнаманы жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде жарнама аянтын бир айдын ичинде бирдей өлчөмдө бөлүштүрүүгө тийиш.

3. Жарнама таратуучулар социалдык жарнаманы жайгаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө табыштама менен кайрылган бардык жарнама берүүчү үчүн лимиттин чектеринде жарнама аянтын ушул Мыйзамдын 20-2-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө бирдей өлчөмдө бөлүштүрүүгө тийиш.

4. Бир эле темада социалдык жарнама берген бир же бир нече жарнама берүүчүгө социалдык жарнаманы жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде бардык жарнама аянтын берүүгө жол берилбейт.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-2)  
Кийинки берене: [20-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-20-4)
