# 17-берене. Каржылык, камсыздоочулук, инвестициялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана баалуу кагаздардын жарнамасы

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.07.2019 [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=1264823..1264825>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 17-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-17

---

1. Каржылык (анын ичинде банктык), камсыздоочулук, инвестициялык жана юридикалык жана жеке жактардын акча каражаттарын пайдаланууга байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле баалуу кагаздардын жарнамасын чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда:

жарнамада жарнамаланган кызмат көрсөтүүлөргө же баалуу кагаздарга тикелей тиешеси болбогон сандык маалыматты келтирүүгө; жөнөкөй энчилүү акциялар боюнча дивиденддердин өлчөмдөрүнө кепилдик берүүгө; эмиссияларынын проспекттери катталганга чейин баалуу кагаздарды жарнамалоого; ар кандай түрдөгү кепилдиктерди, убадаларды берүүгө же иштин келечектеги натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) тууралу божомолдор келтирүүгө, анын ичинде баалуу кагаздардын курстук наркынын өсүшүн жарыялоо жолу менен келтирүүгө; эгерде жарнамада келишимдин шарттары тууралу кабарланса, келишимдин шарттарынын бири эле жөнүндө айтпай коюуга жол берилбейт.

2. Финансы, банк, камсыздандыруу, инвестиция жана башкалар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле баалуу кагаздарды жарнамалоонун башка өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзамга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-16-1)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-18)
