# 15-берене. Транспорт каражаттарындагы жана коомдук транспорттун аялдамаларындагы жарнаманын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112617)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112617); 25.01.2020 [Закон КР от 25 января 2020 года № 15 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112013); 22.07.2019 [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945); 29.12.2016 [Закон КР от 29 декабря 2016 года № 227 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О рекламе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111506)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=1264828..1264829>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 15-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-15

---

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, жарнаманы транспорт каражаттарында таратуу транспорт каражаттарынын менчик ээси менен же транспорт каражаттарына мүлктүк укуктарга ээ болгон адамдар менен келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Кыймыл коопсуздугун камсыздоо максатында жарнаманы транспорт каражаттарында таратууга чек салуу жана тыюу салуу учурлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Коомдук транспорттун аялдамаларында жарнаманы жайгаштырууга коомдук транспорттун аялдамалары аймагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишимдин негизинде жол берилет.

Коомдук транспорттун аялдамасында жайгаштырылган жарнама аялдаманын аталышын жаап калууга тийиш эмес. (КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2020-жылдын 25-январындагы № 15, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-16)
