# 14-берене. Сырткы жарнаманын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2025 [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137); 25.01.2020 [Закон КР от 25 января 2020 года № 15 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112013); 22.07.2019 [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945); 26.03.2018 [Закон КР от 26 марта 2018 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111764); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 15.10.2009 [Закон КР от 15 октября 2009 года № 273 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О рекламе""](https://aqlex.ai/kg/doc/203215)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=14709..35831>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 14-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-14

---

1. Шаарларда, айылдык аймактарда жана башка аймактарда жарнаманы жайгаштыруу, ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган тартипте туруктуу аймактык жайгаштырылуучу плакаттар, такта, жарык табло жана башка техникалык каражаттар - сырткы жарнама түрүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Сырткы жарнама жол белгилерине жана көрсөткүчтөрүнө окшош болууга, аларды көрүүнү начарлатууга, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун төмөндөтүүгө тийиш эмес.

2. Шаарлардын, айыл аймактарынын аймактарына жана башка аймактарга сырткы жарнаманы жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм, ошондой эле сырткы жарнаманын тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиянын эрежелерине ылайык келүүсү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылууга тийиш.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралбаган органдар менен макулдашууларды жүргүзүү талап кылынбайт.

3. Маданий эстеликтердин, ырым-жырым өткөрүүчү объекттердин, жаратылыш комплекстеринин, окуу жайларынын, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин, дарылоочу мекемелердин аймагында орнотуу жолу менен сырткы жарнаманы жайгаштырууга тыюу салынат.

4. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, имараттардын, курулуш-жайлардын жана башка объекттердин аймагында жарнаманы жайгаштыруу, ошондой эле сырткы жарнама үчүн акы өлчөмүн жана төлөө тартибин аныктоо менчик ээси менен болбосо, мүлккө карата буюмдук укуктарга ээ болгон адам менен келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталгандардан тышкары башка жыйымдарды, төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү белгилөөгө жол берилбейт. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2018-жылдын 26-мартындагы № 31, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2020-жылдын 25-январындагы № 15, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-15)
